Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинде кийимдердин технологиясы жана дизайны кафедрасынын студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарада студенттердин окуу-тарбиялык абалы жөнүндө кенен маалыматтар берилди жана студенттер тарабынан даярдалган кийимдер көргөзмөсү менен биргеликте концерттик программа тартууланып, жолугушуунун аягында окуу жайга экскурсия уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – окуу процессин жакшыртуу жана ата-энелер менен болгон байланышты чыңдоо болуп саналат.