18:12 1 октября 2019

Медициналык академияда мамлекеттик тилде окутуу курстары башталат

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучуларды, кызматчыларды дифференциалдык ыкма менен мамлекеттик тилде окутуу курстары башталат. Бул иш-чара ЖОЖдун мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Аталган сектор Медакадемиянын 995 кызматкеринин тил билүү деңгээлин аныктады. Анын ичинен 7 адам С2 деңгээлине, 439 адам С1 деңгээлине жетип, жогорку упайларды топтошту. В1 деңгээлине 153, В2 деңгээлине 143 адам ээ болду. Ал эми 74 адамдын А2, 179 адамдын А1 деңгээлинде кыргыз тилин өздөштүрөрү ачыкталды.

Сектордун жооптуу кызматкерлеринин айтымында, мындай сынакты өткөрүү уланмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть