18:05 1 октября 2019

Политехникалык колледжде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде 27-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу майрамдык концерт болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшү студенттер тарабынан даярдалган «Сары өзөн» бийи жана Умай Эненин коштоосу менен башталды. «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, колледждин комузчулар тобунун аткаруусунда «Маш ботой» күүсү чертилди. Ошондой эле эне тилге арналган мукамдуу ырлар тартууланды. 1-2-курстардын студенттеринин мыкты деп табылган көркөм окуулары аткарылып, иш-чара колледждин «Ак бийке» тобунун бийи менен жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында 9-класстын базасындагы 1-курстун студенттери арасында Мамлекеттик тил күнүнө арналган дубал гезиттер сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеӊүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть