Ош технологиялык университетине академиялык мобилдүүлүктөр боюнча университеттер аралык келишимдин негизинде Кузбасс мамлекеттик техникалык университетинен 2 студент билим алуу үчүн келишти.
Келген студенттерди окуу жайдын жетекчилери тосуп алып, аларга ОшТУ тууралуу кенен маалымат беришип, тааныштырышты. Чет элдик студенттер окуу жайда бир семестр билим алып, тажрыйба алышмакчы.