18:57 7 октября 2019

ОшМУнун бир катар мугалимдери сыйлыктарга ээ болушту

Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Салтанатты ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков ачып, түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, куттуктоо сөздөрүн жолдоду. Ошондой эле бүтүндөй тагдыры университет менен байланышкан ардагер агай-эжелерге ыраазычылык билдирди.

Университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Салтанаттын жүрүшүндө 2018-2019-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча да жеңүүчүлөр сыйланды.

Кеченин экинчи бөлүгүндө Мугалимдер күнүнө карата ректораттын демилгеси менен уюштурулган ОшМУнун доценти, белгилүү обончу жана аткаруучу Таалай Турдубаевдин жеке концерти тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть