11:45 15 октября 2019

ЖАМУда «Кыргыз тили — Кыргызстандын келечеги» аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «Кыргыз тили — Кыргызстандын келечеги» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору К.Калчекеев тарабынан уюштурулуп, ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкери А.Сансызбаева, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Жумабаева, ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Конференцияда мамлекеттик тилдин бүгүнкү, эртеңки актуалдуу маселелери талкууга алынды. Илимдин докторлору тарабынан төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды:

- А. Эшиев — «Тилдин коомдогу орду жана функциясы»;

- Б.Дарбанов — «Кыргыз тилинин өнүгүү перспективасы жана жолдорунун маселелери»;

- С.Сакиева — «Башталгыч класстарда окууга үйрөтүүдөгү инновациялык технологиялар»;

- К.Калчекеев — «Кыргыз тили — Манастын тили»;

Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан мамлекеттик тилдин келечеги тууралуу суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМУнун студенттеринин арасында «Көчмөндөр маданияты - 2019» фестивалы өткөрүлдү

ЖАМУ студенттер арасында «Достук кубогу» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрдү

ЖАМУда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде» аталышындагы конференция болуп өттү

География боюнча республикалык олимпиадада ЖАМУнун студенттери жеңишке жетишти

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жалал-Абаддагы студенттер менен жолугушту

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up