Ош технологиялык университетинде Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата салатанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны экономика жана башкаруу факультетинин бизнести башкаруу жана социалдык иштер кафедрасы жана технологиялык колледждин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары жана студенттери уюштуруп, ага Ош шаарынын боорукердик үйүнүн тарбиялануучулары конок катары чакырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоолор айтылып, алдыңкы кызматкерлерге жана студенттерге ардак баракчалар тапшырылды. Ошондой эле конокторго концерттик программа тартууланып, сый тамактар уюштурулду.