15:44 18 октября 2019

Ош технологиялык университетинде социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Ош технологиялык университетинде Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата салатанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны экономика жана башкаруу факультетинин бизнести башкаруу жана социалдык иштер кафедрасы жана технологиялык колледждин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары жана студенттери уюштуруп, ага Ош шаарынын боорукердик үйүнүн тарбиялануучулары конок катары чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоолор айтылып, алдыңкы кызматкерлерге жана студенттерге ардак баракчалар тапшырылды. Ошондой эле конокторго концерттик программа тартууланып, сый тамактар уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ОшТУнун студенттери бизнес баштоонун жолдорун үйрөнүштү

ОшТУда «Педагогика жана психология» боюнча окутуучулар квалификациясын жогорулатышты

ОшТУда жаш илимпоздордун жана студенттердин аймактык илимий-практикалык видеоконференциясы старт алды

ОшТУда «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда нөлдүк капитал менен кантип бизнести баштаса болот?» аттуу онлайн конок лекция өттү

ОшТУда эл аралык онлайн семинар өткөрүлдү

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up