17:04 18 октября 2019

Архитектуралык университетте «Жашообуз болсун ыр менен-2019» фестиваль-сынагы өттү

17-18-октябрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 1-курстун студенттери арасында «Жашообуз болсун ыр менен-2019» фестиваль-сынагы болуп өттү.

Фестиваль-сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрөлдү:

1. «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунан үзүндү айтуу;

2. Акындык чеберчилик – айтыш, дастан, төкмөчүлүк, акыйнек айтышуу;

3. Улуттук аспапта ойноо – комуз, темир комуз, чоор, чопо чоор, ышкырык, сыбызгы, кыл кыяк;

4. Драмалык жанр – сатиралык миниатюралар, пародиялар, пантомималар, көркөм окуу;

5. Заманбап эстрада ырлары (кыргыз, орус, чет тилдеринде аткаруу);

6. Автордук ыр (толук автор, музыкасынын же тексттин автору экендиги көрсөтүлсүн);

7. ШТК – Фристайл «Студенттик жашоо» 5 мүнөт;

8. Хореографиялык жанр – элдик, заманбап, спорттук, тамашалуу, латын бийлери (самбо, румба,ча-ча, фокстрот, посадобль);

9. Алып баруучулардын сынагы..

«Жашообуз болсун ыр менен-2019» фестиваль-сынагын өткөрүүнүн максаты – жаштар арасынан талантууларды аныктап, аларга чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүү.

Аталган сынактын жыйынтыктары жана номинациялары боюнча жеңүүчүлөрү 13-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү «1-курстун студенттерине арноо» иш-чарасынын жүрүшүндө жарыяланат. Жалпысынан фестиваль-сынакка (6 институттан жана 1 колледжден) 500дөн ашуун студент катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть