17:59 21 октября 2019

ОшМУда дагы 2 окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды

Бүгүн, 21-октябрда ОшМУнун Ак-Буура кампусунда медицина факультети үчүн курула турган 2 кабаттуу 2 окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулук жамааты катышып, окуу имарат ак жолтой болуп, анда билим ала турган улан-кыздардын келечеги кең, жолу шыдыр болушун тилек кылышты. Имараттын пайдубалына капсула салуу аземинде ректордун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинде 5-6 жыл аралыгында мурунку ректор, азыркы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун демилгеси менен ондогон окуу имараттары курулганын белгиледи.

«Бул саамалыктар бүгүн да университетте уланып жатат. Октябрь айынын башында Индустриалдык-педагогикалык колледжи үчүн курулуп жаткан окуу имаратына капсула салсак, бүгүн медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин билим алууга болгон шарттарын жакшыртуу максатында 2 кабаттуу 2 окуу имаратына капсула салып жатабыз. Жакынкы аралыкта бул окуу имараттарынын жанында дагы 5 кабаттуу окуу имараты пайда болот», - деди ал.

Аталган окуу имараттардын 1-кабатында лекциялык залдар, 2-кабатында адистиктерге ыңгайлашкан, заманбап талаптарга негизделген окуу бөлмөлөрү болот. Окуу имараттарынын курулушу университеттин ички каражатынын эсебинен каржыланууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть