10:01 23 октября 2019

Чолпон-Атада өткөн эл аралык олимпиадада ОшМУнун студенти баш байгени жеңип алды

2019-жылдын 16-17-18-19-октябрында ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин студенттери Чолпон-Ата шаарында өткөн «Медициналык илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү инновациялар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын алкагында кыргыз, орус жана латын тилдеринен эл аралык олимпиада өттү.

Олимпиаданын жыйынтыгында кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан 2-курстун студенти Midhila Sindhu Manoj жана 3-курстун студенти Dar Mohmad Ashraf 1-орунду (жетекчиси — улук окутуучу А.Маматова) ээлешти.

Орус тили дисциплинасынан 2-курстун студенти Manrar Prasad Dnyaneshwar 1-орунду жана 3-курстун студенти Sadik Ali 3-орунду (жетекчиси — улук окутуучу Ж.Арзыматова) багындырышты.

Латын тили дисциплинасынан 2-курстун студенттери Toufique Hassa баш байгени жана Najariya Saleh Ramzan сертификат менен сыйланышты (жетекчиси — улук окутуучу Р.Дыйканбаева). Ошондой эле жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлешти.

Студенттер концерттик программага да катышып, кыргыз ыр-бийлерин мыкты деңгээлде аткарган студенттер Adnan Abbas Wani жана Koram Pooja Ambadas (жетекчиси — окутуучу Н.Мухтарова) сертификат менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть