10:03 23 октября 2019

ОшМУда 2 волейбол, 2 баскетбол жана футбол аянтчалары ачылды

Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусунда спорттук аянчалар пайланууга берилди. Спорт комплексинде учурда 2 волейбол, 2 баскетбол жана футбол тааласы орун алды.

Ачылуу аземине ОшМУнун административдик кеңешинин курамы, окутуучулар, студенттер катышып, кызыл тасма кесилди. Спорттук комплекс эми окутуучулар, студенттер, спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызмат кылмакчы.

Учурда ОшМУда спорттун бир нече түрлөрү боюнча курама командалар бар. Спорттун волейбол түрү боюнча балдар, кыздар командалары универсиадада жогорку лигада ойношот. Балдар командасы жогорку лиганын 2019-жылкы чемпиону болушкан. Ал эми баскетбол боюнча балдар курама командасы 1-лигада, кыздар командасы жогорку лигада, футбол курама командасы жогорку лигада оюн көрсөтүшөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть