17:16 25 октября 2019

Агрардык университетте органикалык жана нукура азыктардын көргөзмө-жармаңкеси өткөрүлдү

2019-жылдын 25-октябрында К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде «BIO KG» органикалык кыймылы тарабынан органикалык жана нукура азыктардын көргөзмө-жармаңкеси өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору Р.Нургазиев «BIO KG» органикалык кыймылынын директору Искендер Айдаралиев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алымбеков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, БУУнун Кыргызстандагы айыл чарба боюнча өкүлү Динара Рахманова, премьер-министрдин айыл чарба боюнча кеңешчиси Азамат Мукашов жана айыл чарба дыйкандары, фермерлер, окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Келген меймандар КУАУнун «Суунун жана топурактын касиетин аныктаган Кыргыз-Кытай», «Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини», «Агрохимия» лабораторияларында болушуп, МТЗ-82,1 тракторунун окуу процессине ыңгайлаштырып кесилген стенди жана жалпы эле университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Прикрепленные документы (1):

Сайт 25.10.19..docx
15 KB
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть