15:37 29 октября 2019

ОшМУда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 29-октябрда «Турдакун Усубалиев – Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Алгач майрамдык иш-чарада видеоролик көрсөтүлүп, Т.Усубалиевдин жаркын элесине арналган спектакль коюлду. Конференциянын модератору ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Идирис Кенжаев болду.

Конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, белгилүү коомдук, мамлекеттик ишмерлер Апаз Жумагулов, Амангелди Муралиев, Ош облустук ардагерлер кеңешинин президиумунун төрагасы Абдибаит Тажибаев жана ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Конференциянын пленардык жыйынынында тарых илимдеринин кандидаты, профессор Турдумамат Кадыров «Өмүрү өрнөк инсан», тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сыдык Смадияров «Турдакун Усубалиев: доор жана инсан» темаларында илимий баяндама жасашты.

Конференциянын соңунда концерттик программа тартууланды.

Аталган иш-чара Т.Усубалиевдин 100 жылдына карата Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын, элине кылган кызматын даңазалоо, кийинки муунга жеткирүү максатында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаардык мэриясы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть