9:19 31 октября 2019

Малайзиядагы Ислам илимдер университетинин студенттери ОшМУ менен таанышты

30-октябрда Ош мамлекеттик университетине Малайзиядагы Ислам илимдер университетинин эл аралык борборунун башкы директору, доцент Ирван Бин Нахд Субри жана аталган университеттин студенттери конок катары келишти.

Делегация менен ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ректордун убактылуу милдетин аткаруучу Замирбек Божонов жолугушуп, конокторго университеттин 80 жылдык тарыхы, билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багытында жүргүзүп жаткан иштери менен тааныштырды.

Ирван Бин Нахд Субри Малайзиядагы Ислам илимдер университети тууралуу кеңири маалымат берди. Маалыматка ылайык, аталган университетте шарият менен укук илимдери биргеликте окутулат. Университеттеги 9 факультетте 12 миңге жакын студент билим алса, алардын 700гө жакынын чет өлкөлөрдөн келип, билим алгандар түзүшөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын кызматташтыгын бекемдөө, билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багытында келишимдерге жетишүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле бул алгачкы сапар кийинки байланыштарга көпүрө боло тургандыгын белгилешти.

Аталган делегация Бишкек шаарында ОшМУнун Арашан гумнитардык институтунда болушкан, ал эми Ош шаарында ОшМУнун теология факультетинде болушуп, студенттер менен жолугуп, факультеттин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть