М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетиндеги физика-математика багытындагы мектеп-лицейинде «Сыйкырдуу алтын күз» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Салтанатта ыр-бийлер орун алып, окуучулар көйнөктөрдүн көргөзмөсүн уюштурушту. Иш-чара окуучуларды өз ара биримдүүлүккө, ынтымактуулукка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында уюштурулду.
Мектеп-лицейде ар кайсы облус-райондордон окуучулар келип, билим алышат.