15:53 11 ноября 2019

ОшТУда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курстар ачылды

Бүгүн, 11-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн маалымат технологиялары боюнча кыска мөөнөттөгү курстардын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мэриянын социалдык өнүктүрүү секторунун жетекчилиги, окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышышты.

Бул окуу борбору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо толук кандуу мүчө болууга жана жумуш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк берүү максатында ачылды. Мындан ары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Ош технологиялык университетине келип, аталган курстардан өтө алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть