Ош мамлекеттик университетинде 12-13-ноябрь күндөрү «Орус, англис жана түрк тилдери» деген аталыштагы XXXII эл аралык илимий семинар болуп өттү.
Семинарга Санкт-Петербург шаарындагы Чет тилдер институтунун ректору, ф.и.д. Марина Пименова жана Кыргызстандын эл аралык университетинин лингвистика жана аймак таануу факультетинин деканы Зинаида Караева келишти. Алар алгач Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктар боюнча пикир алышты. Ошондой эле ОшМУнун билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо багытындагы иштери менен таанышып, окуу жайдын факультеттеринде болушту. Лекция окуп, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга билимин жогорулаткандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди.