14-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргызстан театрында бүтүрүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар үчүн «Бош жумуш орундары жармаңкеси - 2019» иш-чарасы өткөрүлдү.
Жармаңке шаардык мэриянын колдоосунда эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулган.
Жармаңкенин алкагында ОшТУнун бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырылды.
Иш-чара жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнө карата өткөрүлөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун факультеттер аралык «Тамашоу» таймашы орун алды. Анын жыйынтыгында 1-орунду «Exclusive» командасы, 2-орунду «Узбегим яшлари» командасы жана 3-орунду «Жебе» командасы алышты.