14:16 18 ноября 2019

ОшМУда Алымбек Датканын 220 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде көрүнүктүү тарыхый инсан Алымбек Датканын 220 жылдык юбилейине арналган «Кыргызстандын тарыхында Алымбек Датканын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана ролу» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын катышуучулары алгач Алымбек Датканын эстелигине гүлчамбар коюшту. Андан соң сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, Алымбек Датканын өмүр баяны жана ишмердүүлүгү чагылдырылган видеотасмага күбө болушту.

Конференцияны ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков алып барды.

Расмий өкүлдөрдөрдөн жана конференциянын конокторунан өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Кыргызстан элдери ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү Орозбек Акимбаев, Алымбек Датканын тууганы Асанбек Абдыкапаров куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Алымбек Датканын өмүр баяны жана ишмердүүлүгү боюнча тарых илимдеринин доктору, профессор Ташмамбет Кененсариев «Алымбек датканын тарыхый орду жөнүндө», Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов «Алымбек датка — Кокон хандыгынын башкы вазири», тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов «Алымбек Датканын бейнесинин кээ бир маселелери» аттуу илимий баяндамаларын окушту.

Конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.

Алымбек Датка — Асан бий уулу өз заманында кыргыз жеринин бүтүндүгүн, кыргыз элинин биримдигин бекемдөөгө зор салым кошкон белгилүү тарыхый инсан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть