Ош технологиялык университетине 2019-2020-окуу жылында чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттер менен ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор Урмат Аттокуров кезектеги жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуу учурунда көйгөйлүү маселелер талкууланып, проректор студенттердин суроолоруна жооп берди.