21-ноябрь күнү Ош технологиялык университети тарабынан «Кош жылдыз» сынагы өткөрүлдү.
Сынакка ОшТУнун жатаканасынын студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышып, концерттик программанын коштоосунда өттү. Жыйынтыгында подъезддер аралык сынакта 1-орунду Эламан Эрмеков жана Айнуска Туранбаева, 2-орунду Бекназар уулу Азиз жана Гүлзат Ырыскулова, 3-орунду Темир Нарбаев жана Абсамат кызы Назбийке камсыз кылышты.
Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чаранын максаты – жаштардын маданий эс алуусун жакшыртуу, мекенди сүйүүгө чакыруу жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.