Ак-Суу районуна караштуу Зуура Сооронбаева атындагы Жолколот орто мектебинин окуучулары тогуз коргоол боюнча өткөн республикалык мелдеште ийгиликтерди жаратышты.
2-класстын окуучусу Малабеков Делмар 10 жаштагы балдар арасында 2-орунду жеңип алса, 12 жаштагы балдар арасында 3-класстын окуучусу Малабеков Чыңгыз 3-орунду камсыз кылды. Ошондой эле 12 жаштагы кыздар арасында 3-класстын окуучусу Качкынова Каниет 4-орунду камсыз кылды.
Окуучулардын тогуз коргоол боюнча жетишкендиктерине мектептин дене тарбия мугалими Алымкул уулу Айбектин эмгеги зор. Мындан сырткары, Россияда өтүп жаткан «Мир Олимпиада» онлайн олимпиадасынан 6-класстын окуучусу Малабекова Бегайым математика сабагы боюнча мугалими Дөнөнбаева Айнагүл менен биргеликте иштешип, берилген тапшырманын баарын туура чыгарып, байгелүү орунга ээ болду.