9:41 26 ноября 2019

ОшМУда Илим күнү белгиленип, ийгилик жараткандар сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын уюштурулду.

Салтанат 22-ноябрь күнү профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда өттү. Жыйынды алып барган ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Б.Осумбеков жамаатты майрамы менен куттуктап, университетте илим чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Профессордук-окутуучулук жамаатты куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков республикада илим жаатын өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан иштерди белгилөө менен ОшМУда илим изилдөөгө көңүл бурулуп келе жаткандыгын айтып, билим берүүдө илимий изилдөө иштердин орду өзгөчө экендигин белгиледи. Университеттин жалпы рейтингин аныктоочу тыянактарда 60% университеттин илимий жетишкендиктерине баа бериле тургандыгын, илимий багытты өнүктүрүүгө чоң маани бериле тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле 2 жыл аралыгында НААР көз карандысыз агенттиги тарабынан өлкө боюнча университеттердин жалпы рейтинги чыгарылып, ОшМУ генералдык рейтингде 1-орунду алып келе жаткандыгы сыймык экендигин айтып өттү. Мындан ары SCOPUS системасында жарык көргөн макалаларга 10 миң сомдон сыйлыктар берилерин билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаевага КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты, билим берүүдө, илимде жана тарбиялоодо ийгиликтерди жаратып келе жаткан 12 илимпоз окумуштууларга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык кеңешинин, Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун ардак грамоталары тапшырылды.

1 жыл аралыгында илим жаатында уюштурулган сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. «Мыкты монография-2019», «Мыкты окуу куралы-2019», «Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2019» номинациясы боюнча жеңишке жетишкен окумуштууларга, Билим берүү министрлигинин грифи менен чыккан китептердин авторлоруна диплом, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Ошондой эле автордук күбөлүккө ээ болгон 36 окутуучу, SCOPUS системасында жарык көргөн 15 макалалардын авторлоруна, 36 автордук күбөлүктүн ээлерине да акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Жыйындын соңунда 1 жыл аралыгында университетте илимий ишин коргогон 3 илимдин докторуна, 8 илимдин кандидатына дипломдор тапшырылды. Докторлук иш коргогондор үчүн университет тарабынан 100 миң сом, кандидаттык иш жактагандар үчүн 50 миң сомдон сыйлыктар берилип келет.

Илим күнүнө арналган иш-чара концерттик программалар менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть