15:31 26 ноября 2019

Медакадемияда кыргыз тили боюнча кече-сынак уюштурулду

Жакында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасында «Манас таануу жана анатомияны мамлекеттик тилде өнүктүрүү» темасында кече-сынак өткөрүлдү.

Иш-чарада 1-2-3-курстардын студенттери өзүн тааныштыруу жана саламдашуу, сүйлөө маданияты, анатомиялык терминдерди которуунун ылдамдыгы, аны түшүндүрүү, калыстар тобу тарабынан берилген иш кагаздарын толтуруу, майрамдык куттуктоо, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, кыргыз бийлерин бийлөө жана ырларын ырдоо боюнча күч сынашты. Алардын ичинен мыктылар аныкталып, сыйлыктарга ээ болушту.

Кеченин жүрүшүндө кыргыз тилинин медицинада, медициналык жогорку билим берүүдө, иш кагаздарында колдонулушунун абалы талкууланды. Ага Медакадемиянын проректору К.Ырысов, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин илим жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Жусупбекова, журналисттер А.Кулматова жана Г.Шакирова, котормочу К.Керимкулов, ЖОЖдун мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Наралиева, доцент Т.Абаева жана башка адистер, мугалимдер катышты.

Мындай иш-чаралар КММАда байма-бай уюштурулуп турат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть