12:44 2 декабря 2019

ОшМУнун 4 окутуучусу Айдын Аднан Мендерес университетинде тажрыйба алмашып келишти

Ош мамлекеттик университетинин 4 окутуучусу: дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин грамматика жана фонетика кафедрасынын доценти Алимахан Тешебаева, ушул эле факультеттин деканынын орун басары, доцент Динара Суркеева, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Чынара Абдиева, финансы-юридикалык колледжинин финансы жана банк иши кафедрасынын улук окутуучусу Чолпон Муратова ноябрь айынын башында Түркия мамлекетинин Айдын шаарынын Айдын Аднан Мендерес университетинде тажрыйба алмашып келишти.

Бул иш сапар Мевлана программасынын алкагында ишке ашты. Мевлана программасы тарабынан уюштурулган сынакка жогоруда аты аталган окутуучулар 2018-жылдын февраль айында катышып, жалпы 50дөн ашуун окутуучунун ичинен сынактан өтүшкөн.

Аднан Мендерес университетинде окутуучулар биринчи жумасында аталган университеттин профессорлорунун сабактарына катышып, иш тажрыйбалары, сабак өтүү усулдары менен таанышып, тажрыйба топтошсо, экинчи жумасында адистиктери боюнча тиешелүү факультеттерде болушуп, конок лекцияларды окушту. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо, мобилдүүлүк багытында жүргүзүп жаткан иштери боюнча презентация жасашты.

Тажрыйба алмашып келген окутуучулар өздөрүнүн тассирлери боюнча төмөнкүлөрдү белгилешти.

«Аталган университетте базалык бөлүк катары кирген англис тили бардык факультеттерде 4-курска чейин окутулат экен. Студенттердин тырышчаактыгы, өз алдынча изденүүсү, билим алуу болгон күч-аракетин жумшап жаткандыгын байкоого болот. Зирек, дилгир, келечектерине өздөрү көпүрө куруп жаткандай сезилди. Алган тажрыйбаларыбызды студенттердин билим деңгээлин көтөрүүгө жумшайбыз деп ишенем , - дейт доцент Алимахан Тешебаева.

«Гуманитардык адабият факультетинде студенттерге англис тилинин академиялык жазуусу, англис тилинин фонетикасы багытында жадыбал боюнча эки жума сабак өттүм. Эки окуу жайдын ортосундагы окуу системасында көп деле айырмачылыктар байкалбайт. Тек гана чоң танапис үчүн бир жарым саат убакыт бөлүнөт экен. Бул убакытта акыл-эсти сергитип, аз да болсо өзүңө келип алганы мага жакты. Ошондой эле ар бир окутуучунун жеке каанасы болуп, чыгармачылык менен иштөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралыптыр», - деди доцент Динара Суркеева.

«Биз барган учурда Казакстандын Аль-Фараби университетинин журналистика факультетинин доценти Нуржан Каунтай уулу да ушул эле программанын алкагында биз менен чогуу болду. Биз бир гана Аднан Мендерес университетинин окутуучуларынан гана тажрыйба алмашпастан, Казакстандан барган окутуучунун да сабактарына күбө болуп, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алыштык. Факультеттин окутуучуларынын уюштуруусунда Айдын шаарынын «tv DEN» телеканалында конокто болдук. Ошондой эле биз барган учурда журналистика бөлүмү интернет аркылуу биздин сайт менен таанышып, «Үмүт» радиосун угуп отургандыктары бизде жагымдуу таасир калтырды», - деди ОшМУнун журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Чынара Абдиева.

Ал эми финансы-юридикалык колледжинин улук окутуучусу Чолпонай Муратова: «Программанын жобосу боюнча түрк же англис тилинде сабак өтүп берүүбүз керек болчу. Мен 4 теманын алкагында сабак өтүп, соңунда диссертациялык ишим боюнча азыноолак маалымат бердим. Мага өзгөчө таасир калтырганы — мугалимдин статусу өтө жогору экен. Кайсы жерде окутуучунун кадыр-баркы бийик болсо, ал мамлекеттин келечеги жарык деп билем», - деп сөзүн жыйынтыктады.

Иш сапардын алкагында окутуучулар Бодрум туристтик аймагы, «Куш адасы» (Куштар аралчасы), Измир шаары, Стамбул шаары сыяктуу бир топ шаарлардагы тарыхый, маданий жайлар менен жеринде таанышып кайтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть