14:33 2 декабря 2019

ОшМУда 18 факультеттин студенттери спорттун 8 түрү боюнча мелдешке түштү

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган факультеттер аралык студенттердин спартакиадасы 25-октябрдан 30-октябрга чейинки аралыкта өттү.

2-декабрда аталган спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Мелдеш спорттун 8 түрү: волейбол, кичи-футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюндары боюнча эркектер жана кыздар арасында өтүп, ага окуу жайдын 18 факультетинен командалар катышты.

Сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков спартакиада студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спортту сүйүүгө, дени сак болууга үндөө, достук мамилени чыңдоо, университеттин курама командасын мыкты спортчулар менен толуктоо максатында уюштурулгандыгын белгиледи. Ошондой эле университеттин мыкты спортчулары дайыма университеттин намысын универсиадада, республикалык деңгээлде өткөн мелдештерде коргоп, мыктылардын мыктысы болушуна ишенерин кошумчалады жана университет дайыма мыкты спортчуларга материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтө берерин кошумчалады.

«Ноябрь айында пайдаланууга берилген жабык типтеги спорт комплексибиз учурда студенттер, окутуучулар үчүн кызмат кылып жатат. Эми жакынкы аралыкта университеттин №1, №2, №3 жатаканаларынын алдында жана Ак-Буура кампусунда да ушундай жабык типтеги спорт комплекситерин салууну пландап жатабыз. Биздин студенттер билимдүү, илимдүү, дени сак болуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүнү уланта беребиз», - деди Кожобеков.

Бир жумага созулган спорттук оюндардын жыйынтыгында командалык эсепте I орунду жеңип алган педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин курама командасына 5000 сом акчалай сыйлык, диплом, кубок ыйгарылды. II орунду ээлеген дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин командасына 3000 сом акчалай сыйлык, диплом, кубок тапшырылды. Ал эми III орунду алган Медицина факультетинин командасына 2000 сом акчалай сыйлык, диплом, кубок берилди.

Мелдеште жеңишке жетишкен командаларга ректораттын, ал эми спорттун жеке түрлөрү боюнча жеңишке жетишкен оюнчуларга профсоюз уюмунун жалпы суммасы 12 миң сомду түзгөн акчалай сыйлыктары, дипломдору тапшырылды. Ошондой эле командаларды уюштуруп, жетектеп барган окутуучуларга университеттин алкыш баракчалары ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть