Ош технологиялык университетинде 3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата жыл сайын өтүүчү «Кайрымдуу бол!» акциясы уюштурулду.
Иш-чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага жалпы жамаат жана студенттер катышты.
Акциянын расмий бөлүгү аяктаган соң, Ош шаарындагы №12 мектебинин таланттуу балдары тарабынан концерттик программа тартууланды. Анда балдар өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты. Иш-чаранын соңунда балдарга сый тамак берилип, чогулган каражат №12 мектепке тапшырылды.