Ош технологиялык университетинде 2-декабрда факультеттер арасында «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Иш-чара «Интеллект» өнүктүрүү борборунун координатору э.и.к., доц. Сайпидин Умаров тарабынан уюштурулган. Ага жалпысынан 8 команда катышты.
Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
- 1-орун — «Лидерлер академиясы» командасы — 3000сом;
- 2-орун — «Айкөл» командасы, архитектура жана курулуш факультети —2000сом;
- 3-орун — «Билимге умтулган жаштар» командасы, энергетика факультети — 1000 сом.