10:10 5 декабря 2019

ОшМУнун «Билим«» лицейинин 7 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун башкы корпусунда 2-декабрь күнү «Билим» лицейинин түзүлгөнүнүн 7 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Майрамдык кечеге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун мугалимдеринин билимин өркүндөтүү борборунун директору Т.Жороев, профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, Ош билим берүү институтунан өкүлдөр, ОшМУнун мектеп-гимназияларынын директорлору, окуучулар, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышты.

Салтанатта «Билим» лицейинин жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн спорттук таймаштардын, маданий кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө, лицейдин түптөлүшүнө салым кошкон мугалимдерге, колдоо көрсөткөн ата-энелерге дипломдор, ыраазычылык баракчалар тапшырылды. Жумалыктан алкагында уюштурулган кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге ОшМУнун жалпы мектеп-гимназияларынан сырткары, «Жетиген» мектеп-лицейинин мугалимдери, окуучулары да активдүү катышты.

Келген конокторго таланттуу окуучулар тарабынан сценкалар коюлуп, чакан концерттик программа тартууланды.

Куттуктоо сөзүндө ОшМУнун ректору К.Кожобеков: «Улуттук нарк-насилди сактап, заманбап билим менен айкалышкан «Билим» лицейинин ачылганына аз убакыт болсо да, ЖРТдан, олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыздап келүүдө. Бул да болсо эртеңки күнгө чоң үмүт, изги тилек деп билем. Учурда түштүк аймагы боюнча 7 мектеп-гимназиябыз ачылса, буйруса, республика боюнча кулачын жаят деп ишенем. Бул ийгиликтерди жаратууда жамааттын ынтымагы, бекемдиги негизги күч десем болот. Жакынкы күндөрү лицейдин жаңы имаратын курууга киришебиз», - деп билдирди.

«Билим» лицейи Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип (10.04.2013-ж. №167/1 буйругу), ОшМУнун мурдагы ректору, азыркы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун жеке демилгеси менен 2012-1013-окуу жылында ачылган. Алгач лицейди педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматов жетектеп, пайдубалын түптөгөн.

Учурда 8-9-10-11-класста жалпы 200гө чукул окуучу билим алат.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин жалпы 7 лицей, гимназиялары бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть