2019-жылдын 4-декабрында Ош технологиялык университетинин Бириккен профсоюз комитетинин төрагасын кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
Конференцияда профкомдун төрагасы Азизбек Арзыматов окуу жайдын профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун берди. Отчетто профсоюз комитети тарабынан окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын жана эмгекти коргоо багытында алып барылган иштери жөнүндө кеӊири баяндалды.
Шайлоого ОшТУнун баардык факультеттеринен жана бөлүмдөрүнөн жалпы 132 делегаттан тышкары, Ош областтык Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, ОшТУнун ректору, профессор А.Абидов, окуу жайдын жалпы жамааты жана факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышты.
Кайра шайлоо ишинде ОшТУнун Бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына Азизбек Арзыматов жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы Улукбек Мамытов талапкерлигин койду. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын көпчүлүк добушу менен ОшТУнун профсоюз комитетинин төрагасы болуп Улугбек Мамытов Улукбек 5 жылдык мөөнөткө бекитилди.