14:30 5 декабря 2019

КУАУда Чыңгыз Айтматовдун эмгеги эскерилди

2019-жылдын 28-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде «Чыңгыз Айтматов аркылуу кыргыз руханияты дүйнөлүк маданияттын деңгээлине көтөрүлө алды» аттуу маданий иш-чара болуп өттү.

Факультеттин деканы, профессор Б.Акназаров баяндама жасап, Ч.Айтматовдун улуу, гуманист жазуучу, глобалдык масштабда тереӊ ой жүгүрткөн, жогорку интеллектуалдуу, өзгөчө инсан экенин белгиледи. Ошондой эле жазуучу өзʏнʏн чыгармаларында кыргыз элинин кылымдар бою калыптанган маданий баалуулуктарды даңазалап, адам баласынын ой жүгүртүүсүн, кулк-мүнөзүн терең ачып берип, аны дүйнөлүк адамзат коомунун өнүгүүсү менен байланыштыра билген, чоӊ талант экендигине токтолду.

Иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, ырлар аткарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть