14:00 6 декабря 2019

ОшМУда «Санарип Кыргызстан студенттердин көз карашы менен» аталышындагы конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлкекеттик комитети менен биргеликте уюштурулган «Санарип Кыргызстан студенттердин көзү менен» конференциясы уюштурулду.

Жыйында модератордук кылган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «ЖОЖдордун өлкөнү санариптик трансформациялоодогу ролу» деген темада презентация жасады. Презентацияда Ош мамлекеттик университетинде санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү багытында жасалган иштер жана алдыдагы пландар боюнча маалыматтар айтылды.

«Учурда ОшМУда маалыматтар базасын сактоо жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дата-борбору иштейт, эске сактоо көлөмү 148 теребайтты түзөт. Ошондой эле университеттин була-оптикалык интернеттик транспорттук системасы түзүлгөн, окуу корпустарынын арасындагы оптикалык локалдык тармактын узундугу 25 км түзөт. Коопсуздукту сактоо максатында турникеттер орнотулган, бардык окуу корпустарыбыз, жатканалар видеокөзөмөл менен камсыздалган. Университетте автоматташтырылган маалыматтык система ишке кирген. Университетте эмгектенген программисттердин жардамында студенттер, окутуучулар үчүн мобилдик тиркемелер, антиплагиат программасы, «Бирдиктүү терезе» долбоору ишке кирген. Учурда студенттер көз карандысыз тестирлөө борборлорунда сынактарды тапшырып, электрондук анкетирлөөдөн өтүшөт. Биз университетке «Түндүк» өз ара электрондук байланыш системасына байланышуу максатында Dell 210i маркасындагы сервер сатып алдык жана ubuntu 18.04LTS системасы орнотулду. Учурда университеттин автоматташтырылган системасында студенттердин 133974, окутуучу жана көмөкчү персоналдардын 6983 маалыматтык базасы сакталып, иштетилет. Өлкөдөгү бардык ЖОЖдор ушундай тартипте иштерди аткарып барса, өлкөнү санариптик трансформациялоого чоң салым кошкон болобуз», - деди Кожобеков.

Ал эми Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева учурда бардык тармакты санарипке өткөрүү жүрүп жатканын айтты. Башкача айтканда, санариптик технологияларды пайдалануу, ошондой эле инновациялык идеяларды өнүктүрүү максатында региондордо, жаштар арасында кеңири масштабдуу билим берүүчүлүк жана агартуучулук иштерди баштоо жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.

Конференциянын катышуучулары үчүн иш-чаранын алкагында ОшМУда экскрусия уюштурулуп, санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен жеринде таанышышты.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттер жана студенттер санариптештирүү жаатындагы баяндамаларын жасашып, тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүштү.

Иш чаранын алкагында катышуучуларга «Кыргызстандын мыкты стартаптары» сынагы боюнча маалыматтар берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть