14:04 6 декабря 2019

ОшМУда ички мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн спорттук мелдеш уюштурулду

ОшМУда конок студенттерге арналган иш-чаралардын сериясы түзүлгөн. 4-декабрда ОшМУга ички мобилдүүлүк боюнча 8 өнөктөш окуу жайдан 2019-2020-окуу жылынын күзгү семестрин окуганы келген студенттер үчүн табият таануу жана география факультетинде спорттун футбол, волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча чакан мелдеш уюштурулду.

Студенттерге интеллектуалдык, маданий билимдерди берүү менен бирге спорттук оюндар аркылуу аларды сергек жашоого үндөө жана алардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулган мелдеш факультеттер аралык №2 дене тарбия кафедрасынын окутуучуларынын көмөктөшүүсүндө өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар ОшМУнун дипломдору менен сыйланышты.

Командалык оюндардын жыйынтыгында волейбол мелдешинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду, футбол мелдешинде Кыргыз-Өзбек университетинин «Достук» командасы 1-орунду ээлешти. Ал эми мыкты оюн көрсөткөн: футбол боюнча мыкты оюнчу – Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Айтбаева Чынара, волейбол боюнча мыкты оюнчу – И. Арабаев атындагы КМУнун студенти Иманалиева Бекзада, тогуз коргол боюнча мыкты оюнчу – Баткен мамлекеттик университетинин студенти Мурзабек кызы Чачыкей, шахмат боюнча мыкты оюнчу – Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Айтбай кызы Орозгүл, теннис боюнча мыкты оюнчу – Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Дилдебекова Айдай болушту.

Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар ОшМУнун дипломдору, белектери менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть