Ош технологиялык университетинде 5-6-декабрь күндөрү окуу жайдын Технопаркы тарабынан жаш окутуучуларды илимий эмгектерди жарыялоо усулдарына жана долбоор жазууга үйрөтүү максатында илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн негиздери боюнча атайын семинар өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага академик Биймырза Токторалиев, ОшТУнун окумуштуулары жана окутуучулары катышты.