15:27 12 декабря 2019

3 жыл аралыгында ОшМУнун 64 студенти, 17 окутуучусу Чехиядан билимин өркүндөтүп келишти

Ош мамлекеттик университетинин 11 студенти Чехиянын Батыш Чех университетинде билим алып келишти. Ушул жылдын 4-ноябрында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 9 студенти, 1 магистранты жана чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1 студенти ОшМУнун жана Батыш Чех университетинин эки тараптуу келишимдеринин алкагында Чехияга жөнөп кетишкен.

Чехияда 1 ай 10 күн аралыгында билим алып, тажрыйба топтоп келген студенттерди университеттин административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов студенттердин окууларына ийгилик, чыгармачылык изденүүлөрдү каалады.

Чехияда билим алып келген студенттердин тамак-ашка жана жатаканага кеткен чыгымдарын келишимдерге ылайык, Батыш Чех университети стипендия иретинде төлөп берди.

Ал эми учурда Батыш Чех университетинде ОшМУнун 4 студенти, 1 магистранты эки тараптуу келишидин негизинде 1 семестр окуп жатышат. Ал эми Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУдан билим алып кетишти.

«Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы келишимдердин алкагында 3 жыл аралыгында Батыш Чех университетинен билим алып келген ОшМУнун студенттеринин саны 64тү түзсө (58 бакалавр, 6 магистр), окутуучулардын саны 17ни түзөт. Ал эми ОшМУдан 35 Чехиялык студент (29 студент, 6 магистрант) билим алып кетишсе, тажрыйба алмашууга келген окутуучулардын саны 15ти түзөт», - деди эки окуу жайдын байланышына демилгечи болгон ОшМУнун доценти Эрлан Камалов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть