Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 10-декабрда Конфуций институттарынын Орто Азия боюнча координатору У Тун менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда У Тун менен К.Кожобеков Конфуций институтун мындан ары да жакшыртууга арналган келечек пландаржы жана өнүгүү стратегияларын талкуулашты. У Тун өз сөзүндө ОшМУнун Конфуций институтунун ишмердүүлүгүнө жакшы баа берип, мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.