14:38 13 декабря 2019

Адабият күнүнө карата ОшМУда «Декабрь музасы» аттуу поэзия кечеси тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 12-декабрь — Адабият күнүнө карата «Декабрь музасы» аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеге ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов, Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Алмазбек кызы Назима, ОшМУнун теология факультетинин окутуучусу, Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Медербек Кадыров конок катары чакырылды.

Көөдөнүнө ыр түнөп, поэзия уялаган географ, юрист, теолог, акындар ыр күйөрмандарына Ата Журт, сүйүү, мекенчилдик темасындагы ырларын эргүү менен окуп берип, кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Поэзия кечесин ОшМУнун таланттарынын жагымдуу музыкалык ырлары коштоду. Сөзгө чыккан ОшМУнун доценти, тилчи жана окумуштуу Асылбек Айтманбетов кеченин конокторунун ырларына жогору баасын берди.

Адабият күнүнө карата университеттин фойесинде университеттин Илимий китепканасы тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча китеп көргөзмөсү тартууланды.

«Биз жамаат ичинде бул багытта жолугушууларды, кечелерди уюштурууну уланта беребиз. Ноябрь айында ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде фольклорчу-этнограф, тилчи, жазуучу-публицист, котормочу-журналист Сулайман Кайыпов менен жолугушуу уюштурганбыз. Жакынкы аралыкта жазуучу, драматург Султан Раев, белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматов менен да жолугушууларды пландаштырып жатабыз», - деди кеченин уюштуруучусу, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Түмөнбай Колдошов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть