15:18 13 декабря 2019

Ошто нормативдик талаптарды жайылтуу максатында флешмоб уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин базасында 12-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан флешмоб уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайдын жетекчилери, алардын орун басарлары, студенттер катышышты.

Уюштуруучулардын айтымында, флешмобдун максаты — нормативдин комплексин жайылтуу жана Кыргызстандын жаштарынын маданий байланышын тарбиялоо болуп саналат.

Флешмобдун ачылуу аземинде Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев, анын орун басары Гүлмира Жаркынбаева, ОшМЮИнин ректору Эгемберди Токторовдор сөзгө чыгып, студенттерди дени сак болууга, спорт менен машыгууга чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер нормативдик талаптарды тапшырууга катышышты. Флешмобдун катышуучуларына дирекциянын атынан атайын нормативдик талаптарды жайылтуу максатында эстелик футболкалар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть