Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигинин бүтүрүүчүсү, Ош шаардык Жаштар комитетинин төрагасы Иззат Берхмаматов өкмөт тарабынан «Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломаты» наамын алды.
Сыйлык И.Берхмаматовго жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.