11:03 17 декабря 2019

ОшМУда окутуучуларга сыйлык маяналар берилип баштады

Ош мамлекеттик университетинде 16-декабрда өткөн админстративдик кеңеште университетте эмгектенген ар бир окутуучу, кызматкерге 2019-жылдын жыйынтыгы менен бир айлык маяна өлчөмүндө акчалай сыйлык берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Быйылкы жылы сыйлык акчаны кышкы сессиянын алдында берүү демилгесин административдик кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти. Сыйлык акча ОшМУнун атайын каражатынын эсебинен төлөнөт.

«Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда. Айлык акылардын жогорулашы ар кандай негативдүү көрүнүштөрдүн алдын алууга шарт түзөт», - деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Ушул жылдын октябрь айында ОшМУда илимий даражасы бар профессордук-окутуучулук курамга 3000 сомдон, окумуштуу даражасы жок бардык окутуучуларга 2500 сомдон айлык акылар жогорулаган. Ал эми структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин айлык акыларына тиешелүү тартипте 1000 сомдон 1500 сомго чейин айлыгына кошулган болчу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть