11:32 19 декабря 2019

ОшМУда «Мигрант: кечээ, бүгүн жана эртең» аталышындагы эл аралык форум өттү

Эл аралык мигрант күнүнө карата 18-декабрда Ош мамлекеттик университетинде «Мигрант: кечээ, бүгүн жана эртең» аталышындагы эл аралык форум өттү.

Форум өкмөттүн Мамлекеттик миграция кызматы менен биргеликте уюштурулду. Анын алкагында бош орундар жармаңкеси орун алды.

Форумдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.

«Бүгүнкү форумда 15тен ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн 40тан ашуун жеке иш берүүчү агенттиктер 3 миңден ашуун бош орундар, жумушка орношуу, тиешелүү талаптар боюнча маалымат берип жатышат. Бул маалыматтардын форумга катышып жаткан бүтүрүүчүлөргө чоң жардамы тиет деп ишенебиз.

Бүгүнкү күндө ОшМУда Санариптештирүү жылынын алкагында жумушка жайгаштыруу боюнча атайын иш жүрүп жатат. Учурда ОшМУнун сайтында бүтүрүүчүлөр үчүн бөлүктө бардык иш аналар, жеке иш берүүчү агенттиктер боюнча база түзүлүп, онлайн-байланышуу кызматы кирет. Биздин студенттер 2-3-курстан тартып өздөрү ушул базалар аркылуу жумуш берүүчүлөр менен байланышып, пратикаларга чыгып, окууну аяктаганга чейин жумуш менен камсыз болууга шарт жаралат», - деди ОшМУнун ректору К.Кожобеков.

Бош орундар жармаңкесин өткөрүүнүн негизги максаты — жумуш издеген бүтүрүүчүлөргө бош орундар жөнүндө ачык-айкын маалымат берүү, окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть