8:46 19 декабря 2019

ОшТУда «Студенттердин чыгармачыл альянсы-2019» көргөзмөсү уюштурулду

17-18-декабрь күндөрү Ош технологиялык университетинде автоунаа факультетинин сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасы тарабынан СССРдин жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ырысбай Төлөновдун чыгармачылык эмгектеринин жана графикалык дизайн адистигинде окуган студенттердин «Студенттердин чыгармачыл альянсы-2019» аттуу чыгармачылык сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн бардык эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, мыкты чыгармачылык менен тартылган сүрөттөр көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Көргөзмөнүн жыйынтыгында сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы бааланып, 1-орунду «Дизайн-1-17» тайпасы, 2-орунду «Дизайн-1-16» тайпасы жана 3-орунду «Дизайн-1-19» тайпасы камсыз кылышты. Мыкты сүрөтчүлөрдөн Тобанов Баяман, Темирбаева Сымбат, Закиров Майрамбек ОшТУнун ректору пофессор Абдыкадыр Абидов тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть