Ош шаарында «Алтын үн» сынагы жарыяланды. Анын жеңүүчүсү 100 миң сом утат.
Маалыматка ылайык, аталган кароо-сынак кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу, улуттар аралык достукту бекемдөө, өнөрлүү, инсандардын искусствого болгон кызыгуусун жандандыруу максатында Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Бул кароо-сынактын I этабы 18-декабрда Ош шаарынын «Кыргызстан» таетрында өткөрүлүп, ага Ош технологиялык университетинин студенттери Бегалы Капаров жана Элзат Нурумбетова катышып, кийинки этапка өтүштү.