2019-жылдын 19-20-декабрь күндөрү Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасынын студенттеринин 2019-окуу жылындагы чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмөдө «Тартуу», «Жан жазуу» жана «Декоративдик кол өнөрчүлүк искусствосу» темаларында аткарылган ишетр коюлду. Студенттер кыргыз элинин илгертен келе жаткан курак, сайма, гобелен жана башка технологияларын заманбап көз караш менен, модага жараша чыгармачылык иштеринде колдонушту.