Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Жеңил өнөр жайынын технологиясы» кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган кийимдердин коллекциялары кңргөзмөгө коюлду.
Иш-чарага аталган факультеттин жалпы жамааты жана студенттери катышты. Иш чаранын негизги максаты – студенттердин тандаган кесибине стимул берүү жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Жыйынтыгында иш-чарага катышкан студенттер ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Андан соң факультеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.