Ош технологиялык университетинде жаңы жылды утурлай ректордук бал болуп өттү.
Салатанаттуу иш-чарага окуу жайдын эң мыкты окуган жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер катышты. Алгач аларды ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидов куттуктап, окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Аземде жыл жыйынтыгы боюнча республикалык, эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен жана атайын номинацияларга ээ болгон студенттер сыйланды.