8:41 26 декабря 2019

Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда мамлекеттик ишмер И.Айдарбековдун 135 жылдыгына арналган илимий-теориялык семинар өттү

26-декабрда Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 135 жылдыгына арналган илимий-теориялык семинар болуп өттү.

Семинарда Өзгөн райондук сотунун төрагасы У.Шаматовдун, тарых илимдеринин кандидаты Г.Темиралиеванын, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Муратбаеванын, доцент Б.Тынай уулунун баяндамалары катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Семинарда Иманалы Айдарбековдун саясий жана сот тармагындагы ишмердүүлүгүнө арналган видеобаян да көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть