13:40 30 декабря 2019

ОшМУнун 3 студенти президенттик стипендиянын ээси болушту

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Быйылкы жылы окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Азизилла уулу Эгемжар, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Асылбек кызы Мадина, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 4-курсунун студенти Даниярова Сайкал президенттик стипендияга жана ардак грамотага ээ болушту.

Маалыматка ылайык, президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган сынактын натыйжасында республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 миң сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть