10:39 8 января 2020

Политехникалык колледжде кыргыз тили фестивалы жыйынтыкталды

2019-жылдын 28-декабрында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде жарыяланган Кыргыз тили фестивалынын 3 айлыгы өз ишин жыйынтыктады.

Фестивалдын жүрүшүндө мамлекеттик тил күнүнө карата дилбаяндардын жана дубал гезиттердин сынагы, салтанаттуу иш-чара, кино жумалыгы, элдик оозеки чыгармачылыктын жанрлары боюнча (макал-лакап, жаңылмачтар, акыйнек) тайпалар арасында сынактар, «Жумгал жаштар» коомдук бирикмесинин төрагасы, Маданият жана маалымат туризм министрлигинин өкүлү Кубатбек уулу Доорон жана «Бир адамдан бир китеп», «Китепкөй Ала-Тоо» долбоорунун негиздөөчүсү Табылды Муратбековдун катышуусунда «Кел, эркин пикирлешели» аттуу ачык дебат ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле жан дүйнө азыгын тартуулоо максатында Токтоболот Абдымомуновдун «Абийир кечирбейт» драмасын 1-курстун студенттери көрүп келишти.

Фестивалдын жыйынтыгында аалам алпы, кыргыз элинин баатыры Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинин негизинде спектакли коюлду. Колледждин студенттери тарабынан даярдалган спектакль чыгарманын маанисин дагы бир жолу айгинелеп, согуш учурунун катаал шартында адамдык абийирин бийик сактап калган өспүрүмдөрдүн ынтымакты жана тартипти сактап, баарын жеңүүгө, ушул кыйын абалдан өтүүгө тырышкандыктары, аракеттери азыркы муундун – биздин колледждин студенттерин кайдыгер калтырган жок.

Иш-чаранын катышуучулары Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасынын каармандарынын студенттердин колу менен атайын даярдалган ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн кыргыздын улуттук кийимдер коллекциялары: ак элечектер, кийиз калпактар, тумактар, жибек жоолуктар, саймалуу чапандар, оймо түшүрүлгөн белдемчилер, кенен тигилген көйнөктөр, маасылар... ошол заманга таандык инсандардын элесин чагылдырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть